Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:54

БУУнун комиссары Кытайды өлкөгө байкоочуларды киргизүүгө чакырды


Мишел Бачелет.
Мишел Бачелет.

Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча жаңы жогорку комиссары, Чилинин мурдагы президенти Мишел Бачелет мындай чакырыкты 10-сентябрда Женевада Адам укуктары кеңешинин үч апталык жыйынынын ачылышында жасады.

Бачелет Кытайды өлкөгө Улуттар уюмунун байкоочуларын киргизүүгө Шинжаң провинциясында уйгурлар жана башка улуттук азчылыктар кармалган “тарбия лагерлери” тууралуу “терең кооптондурган” маалыматтардан улам үндөдү.

Жогорку комиссарга чейин Улуттар уюмунун Расалык дискриминацияны жоюу боюнча комитети уйгурлар Кытайда “экстремизмге каршылык көргөзүү” борборлорунда кармалып, миллиондогондору “кайра тарбиялоо” лагерлерине жөнөтүлүп, Кытайдын уйгурлар жашаган аймагы ири “камак лагерине” айланганын билдирген.

Бул арада “Хьюман Райтс Уотч” уюму 10-сентябрда жарыяланган жаңы баяндамасында Кытайдын өкмөтү Шинжаң аймагында уйгурлардын күндөлүк турмушуна көзөмөлдү күчөтүп, аларды мыйзамсыз камаганынын, кыйноого алганынын, катаал мамиле жасаганынын далилдерин келтирген.

Кытай бийлиги өз кезегинде мындай айыптоолорду четке кагат. Расмий Бээжиндин көз карашында, Шинжаң аймагы кол салууларды мерчемдеген, ошондой эле уйгурлар менен кытайлар ортосунда чыңалууну күчөткөн исламчыл согушкерлердин олуттуу коркунучуна кабылууда. (UE)

XS
SM
MD
LG