Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:03

Билим берүү жана илим министрлиги түрк элчисинин сөзүнө жооп берди


"Сапат" билим берүү мекемелери мурда "Себат" деп аталган.
"Сапат" билим берүү мекемелери мурда "Себат" деп аталган.

"Сапат" билим берүү мекемелерин кайра түзүү тууралуу аракет көрүлгөн жок. Кайра түзүү же мүлктү өткөрүү чечими мекемени негиздөөчүлөрдүн жалпы жыйыны болмоюнча кабыл алынбайт. Билим берүү жана илим министрлиги 10-сентябрда ушундай билдирүү таратып, "Сапаттын" негиздөөчүлөрү - Кыргызстандын жарандары менен аталган министрлик экенин маалымдады.

Билдирүүдө "Сапат" Кыргызстандын мыйзамдары менен иштеген аралаш менчик формасындагы эл аралык уюм экени айтылат. Ал эми Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Түркиянын "Маариф" фондунун ортосундагы меморандумга ылайык жумушчу топ түзүлүп, "Маарифтин" Кыргызстандагы ишмердиги боюнча өкмөт аралык макулдашуунун долбоору иштелип чыкмакчы. Долбоор парламентте каралып, ратификациядан өтүүгө тийиш.

Анын алдында Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат Бишкекте түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын сапарынын жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйын өткөрүп, "Сапат" билим берүү мекемелеринин имараттарын Түркиянын "Маариф" фондуна өткөрүү пландалып жатканын билдирген.

Түрк бийлиги 2016-жылы диниятчы Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген Кыргызстандагы "Себат" билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген, эки өлкөнүн мамилеси ошондон кийин сууй түшкөн.

Былтыр Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Себат” билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен “Сапат” болуп өзгөргөн.

Маселе быйыл 1-сентябрда түрк президентинин Кыргызстандагы сапары маалында да көтөрүлүп, президент Сооронбай Жээнбеков “Сапат” мектептери мамлекеттин толук көзөмөлүндө экенин айткан.

Билим берүү жана илим министрлиги 4-сентябрда “Маариф” фонду өлкөдө билим берүү борборлорун ача турганын жана ал Кыргызстандын мыйзамы менен иштей турганын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG