Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:44

Москвада мөөнөтсүз нааразылык акциясынын жети катышуучусу кармалды


Москвадагы демонстранттарды кармоо. 9-сентябрь, 2018-жыл.
Москвадагы демонстранттарды кармоо. 9-сентябрь, 2018-жыл.

“ОВД-Инфо” деген бейөкмөт уюмдун маалыматына караганда, 10-сентябрда Москвада жети киши кармалды. “Азаттык” радиосунун орус кызматы кабарлагандай, Москвада кармалгандар - пенсия курагынын көтөрүлүшүнө каршы уюштурулган кечээки демонстрациялардан кийин көчөдөн кетпей нааразылык акциясын “мөөнөтсүз” улантууну чечкендер.

Кечээ Москвада пенсия реформасына каршы акциянын 40тай катышуучусу кармалган. Алар көчөгө оппозициячыл саясатчы, өзү да отуз суткага кесилип, абакта отурган Алексей Навальныйдын чакырыгынан кийин чыгышкан. Ал эми бүткүл Орусия боюнча кечээки демонстрациялар учурунда кармалгандардын саны 1000ден ашты. Орусияда пенсия реформасына каршы нааразылык акциялар быйыл жайдын башынан тарта өтүп келет.

Мамлекеттик Дума өкмөттүн сунушуна ылайык, аялдардын пенсия жашын 63кө, эркектердикин 65ке көтөрүүнү караган мыйзам долбоорун июль айында биринчи окуудан жактырган. Бирок президент Владимир Путин 29-августтагы телекайрылуусунда талаштуу пенсия реформасы жумшартыларын жарыялаган.

Ага ылайык, маселен, эми аялдардын пенсияга чыгуу курагы өкмөт сунуш кылгандай сегиз эмес, беш жылга гана көтөрүлүп, 60 жаш болот. Путин пенсия реформасынын зарылдыгын өлкөнүн демографиялык көйгөйлөрү менен түшүндүргөн. (UE)

XS
SM
MD
LG