Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:19

Кыргызстан паспорт рейтингинде 64-орунду алды


Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту.
Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту.

Дүйнө өлкөлөрүнүн паспортторунун жаңы рейтингин - “глобалдык паспорт индексин” 10-сентябрда "Arton Capital" компаниясы жарыялады.

Тизмеде дүйнө өлкөлөрү паспортунун кубаты боюнча 83 топко бөлүнүп, Кыргызстан 64-топко кошулган. Учурда Кыргызстандын жарандары 27 мамлекетке визасыз каттай алса, 39 өлкөдөн визаны барганда ала алат, ал эми 132 мамлекет үчүн күн мурунтан виза алуу талап кылынат.

64-топто Кыргызстан менен кошо Индия, Марокко, Зимбабве, Гана бар.

Борбор Азия аймагынан Казакстандын паспортунун рейтинги Кыргызстандан жогору, ал 53-орунга жайгаштырылган. Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстандын паспортунун рейтингдери төмөн. Өзбекстан 66, Тажикстан 67, Түркмөнстан 71-топко кошулган.

Ал эми дүйнөдө паспорту эң кубаттуу өлкө деп Сингапур таанылды. Анын жарандары 127 мамлекетке визасыз каттаса, 39 мамлекеттин визасын барып эле ала алышат. Паспорту эң кубаттуу он өлкөнүн арасында Германия, Дания, Швеция, Финляндия, Люксембург, Норвегия, Нидерланд, Түштүк Корея жана АКШ бар.

Паспорту эң алсыз өлкө - Ооганстан. Анын жарандары беш эле мамлекетке визасыз каттайт, 25 мамлекеттин визасын барганда ала алышат.

XS
SM
MD
LG