Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:31

Эл аралык Мунапыс уюму: орус полициясынын кадыры дагы түштү


Санкт-Петербургда демонстранттарды кармоо учуру. 9-сентябрь, 2018-жыл.
Санкт-Петербургда демонстранттарды кармоо учуру. 9-сентябрь, 2018-жыл.

Эл аралык Мунапыс уюмунун 10-сентябрдагы билдирүүсүнө караганда, Орусиянын полициясынын кадыры жекшемби күнкү демонстрациялар учурунда “ондогон өспүрүмдү кармоо менен жаңы төмөн чекке түштү”.

Эл аралык Мунапыстын Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча директору Мари Струтерстин айтымында, Орусияда полициянын тынч демонстранттарга каршы күч колдонуп, аларды ур-токмокко алуусунда “эч жаңылык жок”. Бирок полициянын демонстранттардын арасындагы өспүрүмдөргө кылмышкер катары мамиле жасашы “уятсыздык жана жүрөк ооруткан көрүнүш".

Жекшемби күнү пенсия реформасына каршы нааразылыкка чыккандарды полиция күчтөрү желим таяктар менен сабап, кармалгандарды, анын ичинде өспүрүмдөрдү сүйрөшкөн. Полициянын күч колдонуусун чагылдырган сүрөттөр социалдык медиада кеңири тарады.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков полициянын аракеттерин коргоп, алар “мыйзам чегинде аракеттенгенин, полициянын өзүнө “хулигандар менен чагымчылдар” кол салганын" кошумчалады.

Орусиянын 33 шаары менен шаарчаларында жекшембидеги демонстрациялар учурунда кармалгандардын саны 1000ден ашкан. Бул тууралуу "ОВД-Инфо" бейөкмөт уюму кабарлады.

Пенсия реформасына каршы нааразылык акциялар Орусияда быйыл жайдын башынан бери өтүп келет.

Мамлекеттик Дума өкмөттүн сунушуна ылайык, аялдардын пенсия жашын 63кө, эркектердикин 65ке көтөрүүнү караган мыйзам долбоорун июль айында биринчи окуудан жактырган. Бирок президент Владимир Путин 29-августтагы телекайрылуусунда талаштуу пенсия реформасы жумшартыларын жарыялаган. Ага ылайык, маселен, эми аялдардын пенсияга чыгуу курагы өкмөт сунуш кылгандай сегиз эмес, беш жылга гана көтөрүлүп, 60 жаш болот. Путин пенсия реформасынын зарылдыгын өлкөнүн демографиялык көйгөйлөрү менен түшүндүргөн. (UE)

XS
SM
MD
LG