Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:13

АКШ палестин уюмунун Вашингтондогу өкүлчүлүгүн жабат


Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас жана АКШ президенти Дональд Трамп БУУнун Башкы ассамблеясында жолуккан учур. 20-сентябрь, 2017-жыл.
Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас жана АКШ президенти Дональд Трамп БУУнун Башкы ассамблеясында жолуккан учур. 20-сентябрь, 2017-жыл.

Кошмо Штаттар Палестина боштондук уюмунун (PLO) Вашингтондогу миссиясы жабыларын 10-сентябрда жарыялады.

Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Хизер Нойерттин билдиргенине караганда, бул уюм “тынчтык орнотуу аракеттерине байланыштуу АКШ өкмөтү менен карым-катышка баруудан баш тарткан”.

Бул кадам президент Дональд Трамптын администрациясынын Палестинаны Израил менен алар атагандай “эң соңку келишим” үчүн тынчтык сүйлөшүүлөргө түртүү боюнча азырынча акыркы чарасы.

Палестинанын Боштондук уюмунун баш катчысы Саеб Эрекат АКШ чечимин Трамп администрациясынын “палестин элин жапырт жазалоо саясатынын дагы бир жолу ырасталышы” катары баалады.

Расмий Вашингтон Палестина Израилди алар аскерий кылмыш деп санаган окуялар үчүн Эл аралык кылмыш сотуна берүүнү көздөгөнү үчүн Палестинанын Боштондук уюмунун кеңсесин жабарын былтыр эле эскерткен.

Мамдепартаменттин өкүлү Хизер Нойерт өз билдирүүсүндө бул АКШ чечиминин бир жүйөсү болгонун ырастады.

Палестинанын Боштондук уюму АКШ менен кызматташуудан президент Дональд Трамп былтыр декабрда талаштуу Иерусалим шаарын Израилдин борбору деп тааныгандан кийин баш тарткан.

Өткөн айда Вашингтон Палестинага 200 миллион доллардык жардамды кыскарткан. (UE)

XS
SM
MD
LG