Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:16

Футбол: Кыргызстан - Сирия 2:1


Кыргызстан - Сирия командаларынын жолдоштук беттеши. 10-сентябрь, 2018-ж. Бишкек.
Кыргызстан - Сирия командаларынын жолдоштук беттеши. 10-сентябрь, 2018-ж. Бишкек.

Кыргызстан менен Сириянын футболчуларынын жолдоштук беттеши 2:1 эсебинде кыргыз футболчуларынын пайдасына аяктады. Оюн бүгүн, 10-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

Беттештин 1-таймында эсеп ачылган эмес. 2-тайм башталаары менен стадиондо удаасы менен эки жолу жарык өчүп, оюн убактылуу токтотулду. 20 мүнөткө чукул убакытта мүчүлүштүк толугу менен жоюлуп, оюн улантылды.

Беттештин 74-мүнөтүндө Кыргызстандын жарым коргоочусу Кайрат Жыргалбеков эсепти ачты. Андан көп өтпөй эле сириялыктардын пайдасына пенальти дайындалып, ал ийгиликтүү ишке ашып эсеп теңелди. 85-мүнөттө жарым коргоочу Бекжан Сагынбаев Кыргызстандын эсебине дагы бир голду киргизди.

Бул жолдоштук беттеш 2019-жылы 5-январдан 1-февралга чейин Бириккен Араб Эмирлигинде боло турган Азия кубогунун оюндарына даярдык катары өттү. Буга чейин 6-сентябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Бишкекте Палестина курама командасы менен беттешип, 1:1 эсебинде тең чыккан. (ECh)

XS
SM
MD
LG