Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:16

БУУнун өкүлү: Иран менен Пакистанда ооган качкындарынын абалы оор


Түркияга качып барган ооганстандык жарандар.
Түркияга качып барган ооганстандык жарандар.

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иши боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди Ооганстанга, Пакистанга жана Иранга жасаган сапары тууралуу баяндап, качкындардын абалы оор экенин билдирди.

Женевада 10-сентябрдагы маалымат жыйынында сүйлөп жатып, Иран менен Пакистанга Ооганстандан барган бозгундардын жагдайы дурус эместигин, аларга көңүл буруу начардыгын белгиледи. Качкындар гуманитардык кризисте экенин кошумчалап, маселени тезирээк чечүү зарылдыгын айтты.

- Совет кошуундары Ооганстанга кирип, мындан улам ал жактагы жарандар Пакистан менен Иранга качып кете баштаганына 2019-жылы 40 жыл толот. Биздин эсепке ылайык, азыр 8 миллион ооган үйүнөн алыста жашап жүрүшөт. Алардын 1 миллион 800 миңи ички мигранттар. Пакистан менен Ирандагы бозгундардын көбү каттоого алынган эмес. Алар качкын катары коргоого алынбайт, кооптуу кырдаалдар күн кечирип атышат,- деди Гранди.

Ооган качкындарынын маселеси Европада да олуттуу маселе бойдон турат. 2017-жылдын октябрында "Amnesty International" уюму Европа мамлекеттери миңдеген оогандарды артка - мекенине кайтарып, алардын жашоосун коркунучка кептеп жатканын билдирген.

БУУ 2016-жылы Иранда качкын болуп катталган 950 миң ооган жараны бар экенин билдирген. Ирандын Ички иштер министрлиги алардын саны 3 миллионго жакын экенин маалымдаган.

XS
SM
MD
LG