Кыргызстанда микрокредит алгандардын саны бир жылда жүз миңге көбөйдү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2017-жылдын январь-июнь айларында 133 874 адам насыя алса, 2018-жылдын жарым жылында 220 481 адамга жеткен.
Микрокредит алгандардын эң көбү Ош облусунда - 50 392 киши. Андан соң Жалал-Абад облусу - 37 007 адам. Чүй облусунда 29 231 тургун насыя алган. Андан соң Бишкек шаары, Ысык-Көл, Нарын, Баткен облустары турат. Микрокредит алгандар Талас облусунда 6991 адамды түзөт.
Микрокредит алгандардын көбү аялдар экени айтылат маалыматта.