Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

Түрк президенти Идлибде гуманитардык апаат болорун эскертти


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Тегерандагы жолугушууда. 7-сентябрь, 2018-жыл.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Тегерандагы жолугушууда. 7-сентябрь, 2018-жыл.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Сириянын өкмөттүк күчтөрү согушкерлер ээлеп турган Идлиб провинциясында аскердик операция жүргүзсө, гуманитардык апаат башталарын эскертти.

11-сентябрда “Wall Street Journal” басылмасына чыккан интервьюсунда Эрдоган орусиялык жана сириялык аскердик учактар Идлибге чукул жерлерди бомбалап жатканын белгилеп, эл аралык коомчулукту чара көрүүгө үндөгөн. Түрк президенти болбосо “жалпы дүйнө анын азабын тартарын” эскертүүдө.

Өткөн аптада Тегеранда Эрдоган Ирандын жана Орусиянын президенттери менен Тегеранда жолугушкан. Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар дүйшөмбүдө түрк телеканалына Идлибде жерде жана абадан жасалган чабуулдар тезинен токтотулуп, ок атышпоо режими киргизилиши керектигин айтты.

Орусия менен Ирандын колдоосуна таянган Дамаск Идлиб провинциясына жана аны менен чектеш аймактарда кеңири масштабдагы операция даярдап жатканын эки апта мурун маалым болгон.

Идлиб – президент Башар Асадга каршы күчтөрдүн негизги таянычы саналат. Провинцияда козголоңчулардан тышкары “Ал-Каида” менен байланыштагы 10 миңдей согушкер бардыгы айтылат.

Улуттар Уюму үч миллиондон ашуун калк жашаган аймакта айыгышкан салгылашуу тутанса, арты чоң апаатка жеткирерин эскертип жатат.

2011-жылы башталган Сирия согушу 400 миңдей кишинин өмүрүн алып кетти.

XS
SM
MD
LG