Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

АКШ 2001-жылкы апаатты эскерип жатат


АКШда 2001-жылдагы террордук чабуулдарды эскерүү, 2018-жыл.
АКШда 2001-жылдагы террордук чабуулдарды эскерүү, 2018-жыл.

Шейшембиде америкалыктар 2001-жылдын 11-сентябрында болгон террордук чабуулдардын 17 жылдыгын эскеришет. Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборунун жанында, Вашингтондогу Пентагондун имаратынын алдында өтө турган эскерүү иш-чараларына миңдей киши катышары кабарланды.

АКШ президенти Доналд Трамп жана биринчи айым Мелания Трамп 17 жыл мурда төрт учактын бири кулаган талаада өткөрүлө турган эскерүү иш-чарасына барышары маалымдалды. Ал жердеги окуяда 40 киши курман болгон.

2001-жылдын 11-сентябрында жанкечти террорчулар төрт жарандык учак менен Нью-Йоркто жана Вашингтондо чабуул жасашкан. Алардын ичинен эки учак Нью-Йорктогу Бүткүл дүйнөлүк cоода борборунун кош мунарасын, үчүнчү учак Вашингтондогу Пентагондун имаратын сүзүп, ал эми төртүнчү учак болсо Пенсильванияга кулаган. Бул кандуу чабуулдарда үч миңден ашык адам курман болгон.

Чабуулдар үчүн жоопкерчилик “Ал-Каида” террорчул тобуна жүктөлгөн.

XS
SM
MD
LG