Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:37

АКШ: “Флоренс” бороонунан улам эки штатка атайын режим киргизилди


Мухиттин үстүнөн космостон тартылган сүрөт
Мухиттин үстүнөн космостон тартылган сүрөт

Американын Түндүк жана Түштүк Каролина штаттарында жээкке жакындап калган “Флоренс” катуу бороондон улам өзгөчө кырдаал режими киргизилип, тургундарды коопсуз жактарга көчүрүүгө даярдык көрүлө баштады. Түштүк Каролинанын губернатору Генри Макмастер Атлантика океанынын жээгинен бир миллионго чукул кишини көчүрүү каралып жатканын билдирди. Андан тышкары катуу бороондун эпкини жетиши мүмкүн делген Виржиния жана Мэриленд штаттарында да өзгөчө кырдаал жарыяланды.

“Флоренстин” кубатын төрт баллга чейин жетет деп баалап жатышат. Атайын кызматтар ылдамдыгы саатына 220 чакырымга жеткен шамал нөшөр менен коштолуп, кырдаалды оорлотушу мүмкүндүгүн эскертти. АКШ президенти Дональд Трамп “Твиттердеги” баракчасына федералдык бийлик күнү-түнү жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирип, элди сак болууга чакырды.

XS
SM
MD
LG