Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:41

Мадумаров: Жээнбеков Атамбаевдин көчүн улантууда


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров бүгүн, 11-сентябрда Бишкекте журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү.

Ал журналисттердин мурдагы жана азыркы президенттер Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы мамиле, Ысык-Көлдө 2-8-сентябрда өткөн үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, коррупцияга каршы күрөш тууралуу суроого жооп берип жатып Кыргызстанда мыйзамсыздык күчөп жатканын айтты. Ал "азыркы президент мурдагы бийликтин көчүн улантып жатат" деп эсептейт:

- Коррупцияга каршы күрөшүү эсебине 340 миллион сом төгүлгөнү азбы же көппү деп сурап жатасыз. Бул 5 миллион доллар экен. Бул күлкү. Эмне үчүн аларды төктүрө албай атат? Мен айтпасам деле билип турасыңар. Азыркы бийлик ушунун көчүн улантам деп кетип бараткандан кийин ошол көч менен баратат. Бул кандай көч? Адилетсиздик, мыйзамсыздык, бардык нерсени пара менен чечүү. Экөөнүн көчү бир эле.

Президенттик аппарат Мадумаровдун айткандарына азырынча жооп кайтара элек.

XS
SM
MD
LG