Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:01

Жээнбеков: коррупция менен күрөштөн түшкөн акчага мектеп куралы


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-сентябрда билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алды. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, жолугушууда Кыргызстандагы билимдин сапатын жогорулатуу, системаны реформалоо, мектептердин санын көбөйтүү тууралуу сөз болду.

Жээнбеков бир шаардын ичинде жайгашкан мектептерде чоң айырмачылык болуп жатканын белгилеп, мектеп директорлорунун жана мугалимдердин жоопкерчилигин карап чыгуу зарылдыгына токтолду. Анын айтымында, окуучулардын саны көп болуп жаткан мектептерге кошумча корпустарды куруп, ал эми Бишкектин айланасындагы конуштарга жаңы мектептерди салуу менен маселени чечүү керек.

- Бул жакта көйгөй жаралбашы керек, мектептерди курууга каражат жетиштүү. Коррупциядан түшүп жаткан каражаттар бар, аларга атайын эсеп ачылган. Ошол акчаларга Бишкек шаарында жана аймактарда мектеп куралы.

Жээнбеков республика боюнча учурда 149 жаңы мектеп курулуп жатканын, быйыл жыл аягына чейин 78 орто билим берүү мекемеси колдонууга бериле турганын маалымдады. Билим берүү министрине Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте мектептерде бирдей шарт түзүү үчүн терең анализ жүргүзүүнү сунуштады.

Сентябрдын башында "Азаттыкта" "Билим берүү: мектептеги көйгөйлөр чегине жетти" деп аталган иликтөө чыккан. Анда билим берүү тармагындагы, айрыкча мектептеги көйгөйлөр талданган. (NT)

XS
SM
MD
LG