Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:54

Дүйнөдө ачарчылыктын азабын тарткандар көбөйүп жатат


Африкадагы ачарчылыкка кабылган балдар, 25-июль, 2015-жыл.
Африкадагы ачарчылыкка кабылган балдар, 25-июль, 2015-жыл.

Улуттар Уюмунун баяндамасында айтылгандай, соңку үч жылда дүйнөдө ачарчылыктан жапа чеккендердин саны өскөн. Былтыркы көрсөткүч 10 жыл мурунку деңгээлге түштү.

Баяндамада дүйнөдө 821 миллион киши, башкача айтканда планетадагы ар бир тогузунчу киши курсагы тоё тамак жебегени айтылат.

“Дүйнөдөгү тамак-аш коопсуздугу жана азыктануу” деп аталган баяндамада ачарчылыктын деңгээли Африкада жана Түштүк Америкада жогору экени белгиленет.

Төрт жыл мурун дүйнөдө 600 миллион киши жетиштүү тамак жебегени аныкталса, былтыр ал көрсөткүч өскөн.

Эл аралык уюм билдиргендей, климаттын өзгөрүшүнүн айынан кургакчылык, суу ташкындары көп болуп, ошондой эле куралдуу жаңжалдар ачарчылыктын жайылышына салым кошуп жатат.

Йеменде, Самолиде, Түштүк Суданда, Ооганстанда тыйылбаган согуштун айынан карапайым эл кыйналып жатканы айтылат.

XS
SM
MD
LG