Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Бишкекте "Purify Bishkek" аттуу скульптуралык композиция орнотулат


Бишкектеги Фучик эс алуу багында "Purify Bishkek" аттуу скульптуралык композиция орнотулат. Кыргызча мааниси "Бишкекти тазалоо" дегенди түшүндүрөт. Аны жаштарды өнүктүрүү институту "Жаш лидерлер мектеби" долбоорунун алкагында уюштурууда. 12-сентябрда орнотулчу арт-объект мурда колдонулган заттардан жасалган.

Аталган институттан кабарлашкандай, долбоор катышуучулары шаарды көркүнө чыгаруу максатында бир канча арт-объектилерди орнотушкан. Бирок адамдар аяр мамиле жасабагандыктан, жараксыз абалга келүүдө.

Жаңы скульптура жапониялык аниматор Хаяо Миядзакинин мультфильминин негизинде жасалган. Анын ачылышынын алкагында журналисттерге пресс-тур уюштурулуп, мурда орнотулган эмгектердин абалы да тааныштырылат. (SE)

XS
SM
MD
LG