Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:07

АКШ Мамдепартаментинин делегациясы Ташкентке келет


12-сентябрда Өзбекстанга АКШ Мамлекеттик департаментинен делегация келет. Делегацияны Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын экономика жана бизнес маселелери боюнча жардамчысынын орун басары Брайан МакФитерс жетектейт.

Визиттин алкагында алар Өзбекстандагы бир катар министрлер менен жолугушары кабарланган. Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда кызматташуунун келечегин талкуулашат.

Мындан тышкары АКШ Мамлекеттик департаментинин дин тутуу эркиндиги боюнча өкүлү Сэм Браунбэк 10-19-сентябрь аралыгында Өзбекстанда болот.

Ал дин тутуу эркиндиги боюнча кабыл алынган жаңы кадамдарды талкуулап, бул багытта реформаларды алдыга жылдырууну жактайт.

XS
SM
MD
LG