Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Албек Ибраимовдун тарапкерлери сотту жабык өткөрүү чечимине каршы чыгышты


Албек Ибраимов.
Албек Ибраимов.

Бишкек шаардык сотунда бүгүн, 12-сентябрда мурдагы мэр Албек Ибраимовдун ишине байланышкан жараян болгон жок.

Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесарев билдиргендей, ишти караган соттук коллегия жараянды жабык өткөрүү тууралуу чечим кабыл алган. Ага адвокат гана киргизиле турганын уккан Ибраимовдун тарапкерлери нааразы болушуп, актоочуну залга киргизбей коюшкан. Териштирүүнү ачык өткөрүүнү талап кылышкан.

Натыйжада соттук коллегия жараянды 17-сентябрга жылдырып, ал күнү саат 10.00гө белгиледи.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 27-августта Албек Ибраимовдун камактагы мөөнөтүн 28-октябрга чейин узартуу жөнүндө чечим чыгарган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири Албек Ибраимов Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен айыпталып жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) билдирүүсүнө караганда, Албек Ибраимов "Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда "270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четиндеги беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар" деп шек саналып жатат. Албек Ибраимов 19-июлда кармалган. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында отурат. (NT)

XS
SM
MD
LG