Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

Венгриянын өкмөт башчысы Европарламентти айыптады


Виктор Орбан Европарламенттин сессиясында. Страсбург, 11-сентябрь, 2018-жыл.
Виктор Орбан Европарламенттин сессиясында. Страсбург, 11-сентябрь, 2018-жыл.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Европа парламентин Будапештти “шантаж” кылып жатканы үчүн айыптады. Ал муну Европарламент Венгрияга каршы дисциплинардык чараларды кароого киришкен учурда айтты.

“Азаттык” радиосунун кабарчысы билдиргендей, Европарламенттин жыйыны үчүн Венгрия жана бийликтеги “Фидес” партиясы боюнча даярдалган баяндамада өлкөдө медиага, улуттук азчылыктарга жана мыйзам үстөмдүгүнө каршы жасалган чабуулдардын “кеңири тизмеси” келтирилген.

Баяндама авторлору мындай көрүнүштөрдү “Евробиримдиктин баалуулуктарын ачык бузуу” деп мүнөздөөдө. Бирок венгер премьери Орбан Европарламент баяндамасын “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” катары мүнөздөп, анда “фактылар туура эмес көргөзүлгөнүнө”, Венгрия “мындай шантажга алдырбай турганына” көңүл бурду.

Баяндама “Венгрияны кемсинтип, венгер элинин ар-намысына шек келтирүүдө”,- деди Орбан.

Орбандын “Фидес” партиясы антимигранттык өнөктүктү натыйжасында быйылкы шайлоодо парламенттеги орундардын үчтөн экисин утуп алган.

Европарламенттеги бүгүнкү добуш берүүдө Венгрияга каршы дисциплинардык чара колдоо табуу үчүн депутаттардын үчтөн экисинин добушу талап кылынат. (UE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG