Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:32

АКШ Иранга Жакынкы Чыгыштагы өнөктөштөрү боюнча эскертүү жасады


Вашингтон Тегеранды анын өнөктөштөрү АКШнын Жакынкы Чыгыштагы объекттерине кол салуу ыктымалдуулугунан улам эскертүүдө.

Ак үйдүн 11-сентябрдагы билдирүүсү үч күн мурда Ирактын Басра шаарында АКШнын консулдугу ракетадан, ал эми төрт күн мурда Багдадда америкалык элчилик жайгашкан Жашыл зона үч ирет миномёттон атылган соң чыкты.

Билдирүүдө “Иран Иракта ал каражат, курал берип, машыктырган өнөктөштөрүнүн мындай кол салууларын алдын алуу үчүн эч чара көргөн жок. АКШ биздин кызматчылардын жаракат алуусуна жана өкмөттүк объекттерге зыян тийишине алып келген кандай кол салуу болбосун Тегеранды жоопкерчиликке тартат. АКШ америкалыктардын өмүрүн коргоо үчүн ыкчам жана чечкиндүү жооп берет”, - деп айтылат.

Иран АКШнын бул билдирүүсүнө азырынча жооп кайтара элек. (UE)

XS
SM
MD
LG