Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

Пашинян “олигархтардын жансакчыларын куралсыздандырууну” буйруду


Никол Пашинян Еревандагы митингде. 11-сентябрь, 2018-жыл.
Никол Пашинян Еревандагы митингде. 11-сентябрь, 2018-жыл.

“Азаттык” радиосунун армян кызматы кабарлагандай, премьер-министр Никол Пашинян полицияга олигархтардын жансакчыларын “эки саат” ичинде куралсыздандырууну, ага катар полиция менен Улуттук коопсуздук кызматына “эки саат ичинде өлкөнүн бүткүл аймагында мыйзамды жана тартипти орнотууну” 11-сентябрда буйруган.

12-сентябрда болсо Улуттук коопсуздук кызматынан жана полициядан “Азаттык” радиосуна премьер-министрдин буйругу аткарылганын билдиришти, бирок анын чоо-жайын ачыктап, кошумча маалымат беришкен жок.

11-сентябрда Интернетте Армениянын Улуттук коопсуздук кызматынын директору Артур Венецян менен Атайын тергөө кызматынын башчысы Сасун Хачатряндын телефон сүйлөшүүсүнүн аудиосу тарап кеткен. Анда эки жетекчи 2008-жылдын 1-мартындагы окуялар боюнча кылмыш ишин талкуулап жатышат.

Премьер-министр Никол Пашинян ал аудиотасманын Интернетке чыгышын “шантаж” жана эки жетекчинин телефон сүйлөшүүсүнүн угулушун “мамлекеттүүлүккө каршы кутум” деп атады. Ага катар 11-сентябрдагы митингде Пашинян ошол “кутумдун” уюштуруучуларын тез арада табууга көрсөтмө бергенин да жарыялаган.

Арменияда 2008-жылдын 1-мартындагы окуялар боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында мурдагы президент Роберт Кочарян да айыпталууда.

2008-жылдын 1-мартында президенттик шайлоодо мурдагы президент Серж Саргсян жеңишке жеткенден кийинки массалык нааразылык акцияларында демонстранттар менен күч түзүмдөрү кагылышкан. Ал кагылышуулардын натыйжасында кеминде он адамдын өмүрү кыйылып, жүздөгөн киши жабыркаган. Бирок андан бери он жыл убакыт өтсө да ошол он кишини өлүмүнүн жагдайлары аныкталбай келатат.

Арменияны 1998-2008-жылдары башкарган Роберт Кочарян 2008-2018-жылдардагы президент, быйыл апрелде массалык толкундоолордун натыйжасында кызматтан кетүүгө аргасыз болгон Серж Саргсяндын саясий өнөктөшү болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG