Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:07

Сагынбаев: жоголгон кылмыш иштери боюнча 11 кызматкер жоопко тартылды


Дамир Сагынбаев.
Дамир Сагынбаев.

Бардык органдарда, сот жана прокуратурада сотко жетпей жоголгон, уурдалган жана жок кылынып кеткен кылмыш иштерин инвентаризациялоо аяктап калды.

Мындай маалыматты Коопсуздук кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев Бишкекте 12-сентябрда өткөн басма сөз жыйында билдирди.

Анын айтымында, инвентаризация иштери жыйынтык берип жатат. Коомдо резонанс жараткан кылмыш иштеринин жоголушуна байланыштуу укук коргоо органдарынын 11 кызматкери кылмыш жообуна тартылды. Алардын сегизи прокуратура кызматкерлери.

Июлда президент Сооронбай Жээнбеков мурда токтотулган жана кыскартылган 500дөн ашык кылмыш иши кайра иликтенип жатканын билдирген. (NT)

XS
SM
MD
LG