Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Кытайда кармалган казактардын туугандары БУУну жардамга чакырды


Алматыдагы басма сөз жыйындын катышуучулары. 12-сентябрь, 2018-жыл.
Алматыдагы басма сөз жыйындын катышуучулары. 12-сентябрь, 2018-жыл.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматы кабарлагандай, Кытайдын Шинжаң аймагынан Казакстанга көчүп келген үй-бүлөлөрдүн өкүлдөрү мындай чакырыкты 12-сентябрда Алматыдагы басма сөз жыйынында жасашты.

Улуттар уюмун алардын Кытайда “саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлеринде” олтурган туугандарын чыгарууга жардам берүүсүн суранышты.

Басма сөз жыйынынын катышуучулары анын жүрүшүндө БУУнун Адам укуктары комитетине, казак президенти Нурсултан Назарбаевге, тышкы иштер министри Кайрат Абдрахмановго багытталган кайрылуусун окушту.

Алматыдагы пресс-конференцияны уюштургандардын бири Акикат Халиолдун айтымында, анын Кытайдагы ата-энеси жана эки иниси “саясий лагердин” камагына жарым жыл мурда салынган.

Кытайда казактар да кысымга алынып жатканы тууралуу маалыматтар 2017-жылдын апрель айынан тарта түшө баштаган.

Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов аларга Кытайда этникалык казактар кармалган 170 учур белгилүү экенин билдирген.

Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча жаңы жогорку комиссары Мишел Бачелет 10-сентябрда Шинжаң провинциясында уйгурлар жана башка улуттук азчылыктар кармалган “тарбия лагерлери” тууралуу “терең кооптондурган” маалыматтардан улам Кытайды өлкөгө Улуттар Уюмунун байкоочуларын киргизүүгө үндөгөн.

Ал эми Хьюман Райтс Уотч” уюму 10-сентябрда жарыяланган жаңы баяндамасында Кытайдын өкмөтү Шинжаң аймагында уйгурлардын күндөлүк турмушуна көзөмөлдү күчөтүп, аларды мыйзамсыз камаганынын, кыйноого алганынын, катаал мамиле жасаганынын далилдерин келтирген.

Кытай бийлиги өз кезегинде мындай айыптоолорду четке кагат. Расмий Бээжиндин көз карашында, Шинжаң аймагы кол салууларды мерчемдеген, ошондой эле уйгурлар менен кытайлар ортосунда чыңалууну күчөткөн исламчыл согушкерлердин олуттуу коркунучуна кабылууда. (UE)

XS
SM
MD
LG