Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:26

Cагынбаев: «Сапат» билим берүү мекемелери өз алдынча иштөөсүн улантат


"Сапат" лицейлеринин бири
"Сапат" лицейлеринин бири

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев шаршембиде Бишкекте өткөн маалымат жыйында «Сапат» мекемесине байланышкан суроого жооп берди. Ал бул мекеменин мектептерин Түркиянын «Маариф» фондуна өткөрүү тууралуу түрк тараптын билдирүүсүн четке какты.

- «Сапаттын» мектептерин жабуу жана имараттарын, башка мүлктөрүн толук "Маариф" фондуна өткөрүү тууралуу маселе каралган жок. Мекеме өз алдынча иштеп, биздин балдарга билим берүүнү улантат.

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат 10-сентябрда "Сапат" билим берүү мекемелеринин имараттарын Түркиянын "Маариф" фондуна өткөрүү пландалып жатканын жарыялаган. Кийинчерээк Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги анын айткандарын четке каккан.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын 1-сентябрда Кыргызстанга расмий сапарынын жүрүшүндө “Маариф” фонду менен кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлган.

Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген, эки өлкөнүн мамилеси ошондон кийин сууй түшкөн.

Маселе 1-сентябрда Эрдогандын Кыргызстандагы сапары маалында да көтөрүлүп, президент Сооронбай Жээнбеков “Сапат” мектептери мамлекеттин толук көзөмөлүндө деп билдирген. Билим берүү жана илим министрлиги 4-сентябрда “Маариф” фонду өлкөдө билим берүү борборлорун ача турганын жана ал Кыргызстандын мыйзамы менен иштей турганын жарыялаган.

Былтыр Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Себат” билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен “Сапат” болуп өзгөргөн.

XS
SM
MD
LG