Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:35

Бишкекте динди талдаган эл аралык илимий жыйын өтөт


Мечитте сыйынып отурган мусулмандар.
Мечитте сыйынып отурган мусулмандар.

Бишкекте динди талдаган эл аралык илимий жыйын болот. 13-сентябрдагы иш-чара «Руханий Жибек жолу. Улуу гуманисттик салттар жана учур чакырыктары» деп аталат.

Конференция үчүнчү жолу уюштурулуп жатканын муфтий Максатбек Токтомушев билдирди. Маалыматка караганда, биринчи жыйын Кытайда, андан кийин эки жыл мурун Орусиянын Татарстан республикасында өткөн.

Максаты - Улуу жибек жолунда жайгашкан мамлекеттердин алакасын жакшыртуу, конфессиялар ортосундагы ынтымакты бекемдөө.

Бишкектеги жыйынга 60тай мамлекеттин өкүлдөрү, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Орусия, Латвия, Эстония жана Литванын муфтийлери келери күтүлүп жатат. Мындан тышкары Борбор Азия жана Орусиядан эксперттер, диниятчылар чакырылган.

XS
SM
MD
LG