Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Олег Сенцов Сахаров атындагы сыйлыкка көрсөтүлөт


Олег Сенцов
Олег Сенцов

Европарламент украиналик режиссер, азыр Орусиядагы камакта жаткан Олег Сенцовду Сахаров атындагы сыйлыкка көрсөтөт. Бул демилгени "Европа элдик партиясы" фракциясы көтөргөнүн "Азаттыктын" кабарчысы Рикард Йозвяк кабарлады.

Аннексияланган Крымда теракт даярдаган деп Орусия соту 20 жылга кескен режиссер 123 күндөн бери ачкачылык кармап келе жатат. Сенцов өзүнө коюлган айыпты четке кагып, муну саясий буйрук катары сыпаттайт. Анын тагдыры эл аралык деңгээлдеги тынчсызданууга себеп болууда.

Жакында адвокаты Дмитрий Динзе ачкачылыктан Сенцовдун жүрөк-кан тамыр системасы, бөйрөктөрү, боору жабыркаганын, керебеттен араң туруп жатканын айткан.

Сахаров сыйлыгын 1988-жылы Европарламент негиздеген. Суутек бомбасынын «атасы» катары белгилүү орус физиги Андрей Сахаров советтик режимди катуу сындап, саясий куугунтукка кабылгандардын укугун коргоо үчүн күрөшкөн. Ал Нобел сыйлыгынын ээси.

XS
SM
MD
LG