Ооганстандын Нангархар аймагынын борбору Желалабад шаарында 11-сентябрь күнкү жардырууда курман болгондордун саны 68ге жетти. Бул тууралуу жергиликтүү расмийлер кабарлашты. Ал күнү жарандар аймактагы полиция башчысына нааразылык билдирип митингге чыгышкан эле. Арасында бараткан жанкечти өзүн жардырып жиберген.
Алгачкы маалыматтарга караганда, апаатта 32 адам мүрт кетип, 130 киши жараат алган. Набыт болгондордун саны кийин соң көбөйгөн.
Анын алдында Желалабаддагы мектепте да жардыруу болуп, бир окуучу жашоо менен кош айтышкан. Бул кол салууларга азырынча эч бир топ жоопкерчилик алган жок.