Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Бишкек: динди талдаган жыйынга сегиз өлкө өкүлдөрү катышууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте бүгүн, 13-сентябрда динди талдаган эл аралык илимий жыйын өтүп жатат.

Иш-чара «Руханий Жибек жолу. Улуу гуманисттик салттар жана учур чакырыктары» деп аталат.

Максаты - Улуу жибек жолунда жайгашкан мамлекеттердин алакасын жакшыртуу, конфессиялар ортосундагы ынтымакты бекемдөө.

Жыйынга Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Орусия жана башка мамлекеттердин дин башкармалыгынын өкүлдөрү, Борбор Азия жана Орусиядан эксперттер, диниятчылар келген. Анда бүгүнкү күндөгү диний көйгөйлөр, экстремизм, радикализмге каршы биргелешип күрөшүү тууралуу пикирлер айтылууда.

Мындай жыйын быйыл үчүнчү жолу уюштурулган. Биринчиси Кытайда, андан кийин эки жыл мурун Орусиянын Татарстан республикасында өткөн.

XS
SM
MD
LG