Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:08

Парламентте тойлорго мораторий киргизүү сунушталды


Мамлекеттик бюджеттен каржылана турган маараке, иш-чараларга беш жыл мораторий киргизүү сунушун депутат Акылбек Жамангулов бүгүн, 13-сентябрда парламент жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2018-жылы мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин бюджетинен каржылана турган 105 той, иш-чара планга киргизилген:

- Бул эмне деген шумдук? Ар бир тойду 2 миллион сомдон эле санап көрүңүздөр. Балыкчынын 120, Нарындын 150, Кызыл-Кыянын 120, Сузактын 100, Базар-Коргондун 100, Лейлектин 90 жылдыгы. Ар бир маараке мамлекеттик, жергиликтүү бюджеттен бир топ чыгым, ресурстарды талап кылат. Өкмөттүн, премьер-министрдин эрки болуп, тойлорго 5 жылга мораторий киргизбейлиби?

Эл өкүлү мамлекет үчүн маанилүү болгон Көчмөндөр оюндары менен Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгын өткөрүүдөн башка мааракелерге чектөө киргизүүнү сунуш кылды.

Дагы бир депутат Эмил Токтошев Айтматовдун 90 жылдыгын өткөрүү Кыргызстанда конференция, илимий иш-чараларды өткөрүү менен гана чектелип, көзгө көрүнөрлүк иштер жасалбай жатканын сынга алды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG