Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:25

Бишкекте түрк тилдүү өлкөлөрдүн кино күндөрү башталат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кино күндөрү Бишкек шаарындагы “Манас” кинотеатрында бүгүн, 13-сентябрда саат 18.00дө башталып,16-сентябрга чейин уланат.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын “Кино анимация” боюнча алтынчы жыйынынын алкагында өтөт.

Ага аталган комиссиянын төрагасы, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия парламенттеринин депутаттары, маданият министрликтеринин жана дипломатиялык мекемелердин өкүлдөрү, кинорежиссерлор, аниматорлор жана маданият ишмерлери катышат.

Көрүүчүлөргө Азербайжандан “Кызыл бакча”, Казакстандан “Оралман”, Кыргызстандан “Түнкү кырсык”, Түркиянын атынан “Буудай” жана “Айла” көркөм тасмалары тартууланат. (NT)

XS
SM
MD
LG