Жогорку Кеңештин депутаты, Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев “Датка – Кемин” линиясына алынган насыянын пайдаланышын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Эл өкүлү бул багытта протоколдук тапшырма берүүнү өтүнүп, төрага Дастан Жумабековго кайрылды.
-Биз “Датка – Кемин” боюнча документтерди сурадык. Бул маселени комитетте карайбыз. Бишкек ЖЭБинен кийин ишенбей калдык. Ири насыялардын аткарылышын сөзсүз карашыбыз керек. Өкмөт кандай аткарды, жеп койгон жокпу? Коомчулукта баасы жогорулатылган деген маалыматтар айтылып жатат.
Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндөгү жогорку чыңалуудагы электр зымдарын туташтырган “Датка-Кемин” линиясы 2011-жылы башталып, 2015-жылыдын август айында ишке киргизилген.
“Датка-Кемин” линиясынын узундугу 405 чакырым. Долбоордун жалпы суммасы 389 млн. 795 доллар. Аны Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялаган Кытайдын ТВЕА компаниясы ишке ашырган.
Буга чейин Бишкек ЖЭБин оңдоп-түзөөдөгү коррупциялык иштерден кийин “Датка-Кемин” долбоорун ишке ашырууга бөлүнгөн каражаттын колдонулушун териштирүү Башкы прокуратурага тапшырылган. Башкы көзөмөл орган материалдар УКМКнын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына берилгенин “Азаттыкка” кабарлады. (КЕ)