Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:46

Путин "Чыгыш -2018" аскердик машыгуусуна барды


Президент Путин Цугол полигонунда машыгууга көз салып жатат, 13-сентябрь, 2018-жыл.
Президент Путин Цугол полигонунда машыгууга көз салып жатат, 13-сентябрь, 2018-жыл.

Президент Владимир Путин "Орусия тынчтыкты сүйгөн мамлекет жана анын эч кандай агрессиялык пландары болбойт" деди «Чыгыш-2018» аскердик машыгуусун көргөнү барганда. Путин аскердик окууга Забайкальедеги Цугол полигонунда байкоо жүргүздү.

1981-жылдан бери биринчи жолу өтүп жаткан эң ири машыгууда Орусиядан тышкары Кытайдын жана Монголиянын жоокерлери катышууда. Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, шейшембиде башталган окууларга 300 миңдей аскер, 80дей кеме жана миңдей учак тартылды.

НАТО бул машыгууну кескин сынга алып, Орусия "ири масштабдуу жаңжалга даярданып жаткандай" деп сыпаттаган. Түндүк Атлантикалык аскердик биримдик октябрда Норвегияда аскердик машыгуу өткөрүүнү пландап жатат.

XS
SM
MD
LG