Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:10

Калифорнияда кылмышкер беш кишини атып салды


Лас-Вегастагы кыргындын курмандыктарын эскерген иш-чара, 2-октябрь, 2018-жыл.
Лас-Вегастагы кыргындын курмандыктарын эскерген иш-чара, 2-октябрь, 2018-жыл.

АКШнын Калифорния штатында шаршемби күнү кечиндеги атышуудан беш киши курман болду. Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, Бейкерсфилд шаарында транспорттук компаниянын кеңсесинде кардар жанындагылар менен уруша кетип, ок аткан. Андан соң ал өзүнүн аялын жана башка кардарларды да аткан.

Кеңседен чыккандан кийин жакынкы үйдөн капысынан чыга калган дагы эки кишини атып өлтүрүп, бирөөнүн машинесин уурдай качкан. Кылмышкер акыры өз жанын өзү кыйган. Ага мындай кадамга барууга эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

Былтыр Лас-Вегаста музыка фестивалында АКШнын тарыхындагы ок атуу менен коштолгон эң чоң кыргын болгон. Кандуу окуяда 60тай адам курман болуп, 500дөн ашык киши жараат алган.

АКШ Конгрессинде соңку жылдары ок атуучу курал менен байланышкан зомбулукту кантип токтотуу боюнча талкуу уланып келет.

XS
SM
MD
LG