Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:54

Жарым жылда 362 бала асыроого берилди


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Жарым жылда 351 наристе Кыргызстан жарандарына асыроого берилди. Мындан сырткары 11 баланы чет элдик жарандар багып алды. Алар АКШ, Швеция, Финляндия жана Канаданын жарандары. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин башкы адиси Гүлзина Бообекова билдирди. Анын айтымында, учурда Кыргызстандын 225 жараны бала багып алуу үчүн кезекте турат. Ал эми асыроого бериле турган балдардын мамлекеттик маалыматтар банкында 220 баланын тизмеси бар. Андагы балдардын көбү ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген.

Мекеменин маалыматында, өткөн жылы ата-энеси баш тарткан же ар кандай жагдайда таштап кеткен 52 учур катталса, 2018-жылы 18 ымыркай эне мээриминен өксүк калган.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, 2017-жылы 825 баланы кыргызстандыктар асырап алса, 12син чет өлкөлүктөр багып алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG