Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:01

Өзбекстанда 13 жылга кесилген имам эркиндикке чыкты


Абактан чыккан Хикматулла Юсупов. 13-сентябрь, 2018-жыл.
Абактан чыккан Хикматулла Юсупов. 13-сентябрь, 2018-жыл.

Ташкенттин шаардык соту баңгизатка байланыштуу 13 жылга эркинен ажыратылган Хорезмдин имамы Хикматулла Юсуповду сот залынан бошотту.

“Бугун ал сот залынан бошотулду. Сот аны толук актады. Азыр Хикматулла Юсупов Ташкентте, эртең Хорезмге келет” – дешти имамдын туугандары 12-сентябрда.

Ишти кайра кароону өтүнүп Юсуповдун аялы Мехрибон Рахматуллаева быйыл жогорку инстанцияга кайрылган. Тергөөнүн жыйынтыгында Юсуповго каршы келтирилген буга чейин далилдер жана ага каршы айтылган көрсөтмөлөрдүн баары жасалма болуп чыккан. Жергиликтүү медиа кабарлагандай, имамды мыйзамсыз камоого кызыкдар болгон атайын кызматтын айрым өкүлдөрүнө кылмыш иши козголду.

Хикматулла Юсупов 1993-жылдан тарта Өзбекстандын Мусулмандар дин башкармалыгына караштуу медресе жана мечитте эмгектенип келген.

XS
SM
MD
LG