Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:52

АКШда мигранттар мындан ары качкын макамын кайталап сурай алышат


АКШда мыйзамсыз жүргөн миңден ашуун мигрант качкын макамын алуу үчүн экинчи жолу арыз тапшыруу укугун алышты. Мындай чечимди президент Дональд Трамптын администрациясы “Нөлүнчү толеранттуулук” саясаты сындалгандан кийин кабыл алды.

Бул саясатка ылайык, мыйзамсыз келген мигранттарды АКШнын чек арасынан кармап, сотко чейин жеткиришкен. Кармалгандардын балдарын өзүнчө жайга жайгаштырышкан. Бул тажрыйба укук коргоочулардын, журналисттердин жана Трамптын оппоненттеринин кескин сынына кабылган. “Нөлүнчү толеранттуулук” саясатынан жалпысынан эки жарым миңдей бала жана ата-эне жабыркаган.

Июнда Трамп балдардын коопсуздугуна коркунуч жаралган учурда гана аларды өзүнчө жайгаштыруу боюнча жарлыкка кол койгон.

XS
SM
MD
LG