Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:14

КСДП Кожобек Рыспаевди фракциядан чыгаруу маселесин караган жок


Кожобек Рыспаев.
Кожобек Рыспаев.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы депутат Кожобек Рыспаевди тизмеден чыгарууну бүгүн, 14-сентябрдагы жыйынында караган жок. Маселе күн тартибине коюлуп кайра алынды.

Социал-демократтар фракциясынын лидери, депутат Иса Өмүркулов буга түшүндүрмө берген жок.

Быйыл 29-августта КСДПнын саясий кеңеши Жогорку Кеңештин депутаты, бул партиянын мүчөсү Кожобек Рыспаевди партиядан чыгарган. Анын фракциядан чыгарыла турганы да айтылган. Буга Рыспаевдин Бишкек ЖЭБи боюнча аталган партиянын күнөөсү далилденсе, партияда кала албай турганы жөнүндө айткан сөздөрү негиз болгонун билдирген.

Партиянын саясий кеңеши ошондой эле Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттарына Кожобек Рыспаевди Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагалыгынан, тиешелүү убактылуу комиссиялардагы, жумушчу топтордогу жана туруктуу делегациялардагы мүчөлүгүнөн чакыртып алууга кеңеш берген.

КСДП бул чечимин тазалануу, жаңылануу аракети катары түшүндүргөн.

Кийинчерээк Кожобек Рыспаев азырынча фракциядан чыгаруу тууралуу сөз жок экенин, анда кала берээрин айткан. (NT)

XS
SM
MD
LG