Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:31

Украина карыздын айынан кайрадан жардам сурайт


Петр Порошенко
Петр Порошенко

Украина чет өлкөлөрдүн же каржы институттарынын жардамына муктаж экенин өлкө президенти Петро Порошенко билдирди.

"Эгер мурдагы карызыбызды төлөөгө туура келбесе сырттан каражат албайт элек", - деди Порошенко 14-сентябрда, Ялта-Европа Стратегиясы форуму учурунда.

Президенттин айтымында, Украинанын тышкы карызы 2010-жылга чейин 26 млрд. доллар болсо, андан кийинки Виктор Янукович башкарган төрт жылда дагы 20 млрд. долларга өскөн.

"Аны биз төлөйбүз. Мамлекеттик карызды төлөөнүн жогорку чеги кийинки жылга туура келет", - деди Порошенко.

Андан мурдараак эле украин президентинин парламенттеги өкүлү Ирина Луценко Эл аралык валюта корунан жардам алуу үчүн жаңы сүйлөшүү башталганын билдирген.

2014-жылкы бийлик алмашуудан кийин Украина эл аралык институттардан жардам алып келген. Ушу тапта Эл аралык валюта корунан 17,5 млрд. доллар алууга келишими бар.

XS
SM
MD
LG