Скрипалдардын ууландырылышына шектүүлөрдүн айткандарына британ бийлигинин ишенбей жатышын Кремл "абсурд" деп баалады.
"Орусия Федерациясынын жетекчилигин же орус мамлекетин Солсбериде болгон ишке байланыштыруу кабыл алынгыс деп эсептейбиз. Эки орус жаранынын билдирүүсүнөн кийин Орусияны жалганчылыкка айыптоо - абсурд. Анткени алар жөнөкөй жарандар, мамлекетке тиешеси жок", - деди президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков.
Британия мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипалды жана анын кызын ууландырууга орус бийлигин айыптаган. Иликтөөдөн соң ууландырууну Александр Петров жана Руслан Боширов аттуу орус жарандары, Башкы чалгын башкармалыгынын (ГРУ) кызматкерлери ишке ашырган деп жарыялаган.
Боширов менен Петров 13-сентябрда орус телеканалына маек берип, Британияга жөн гана турист катары барышканын айтышты.
Британ бийлиги буга ишенбей, ууландыруунун артында орус бийлиги турганына далилдер бар деп кайталаган. Шектүүлөрдүн маегин Орусиянын кезектеги "маселени чаташтырып, жалган айтуу" аракети деп баалаган.
Боширов менен Петровдун айткандарында күмөн санатчу жагдайлар аз эмес. Мисалы, алар Британияга үч күндүк сапарынын эки күнүн Лондондон 130 чакырым алыстагы Солсбериге барып келип өткөрүшкөн. Солсбериде туристтик жайларга эмес, Скрипалдын үйү жакка барышкан. Мейманкананын арзан бөлмөсүндө чогуу түнөгөн экөө кайра Москвага кайтуу үчүн бир нече рейске билет алганы белгилүү болгон.