Учурда базарды милиция кызматкерлери курчап турганын "Азаттыктын" окуя болгон жерде жүргөн кабарчысы билдирди.
"Мадинада" иштеген соодагерлер ага өрт 15-сентябрга караган түнү саат 23:20да чыкканын айтышкан.
Алдын ала маалыматка караганда жалын базардын Чүй көчөсү тарабындагы кездеме сактаган кампадан тутанган. Кырсыктын кесепети тууралуу ӨКМден маалымат алууга мүмкүн болгон жок.
Кырсык болгон жерде Өрткө каршы кызматтын жетиге жакын машинеси жүргөнү маалым болду.
Бишкекте буга чейин Ош базары бир нече жолу өрттөнгөн.
"Мадина" базарында негизинен кездеме, төшөк-жууркан сыяктуу үй-тиричиликке керектүү буюм-тайымдар сатылат. (Ech/ST)