Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Тоңдо милиция имаратында болгон суицид фактысы боюнча кылмыш иши козголду


Тоң райондук ички иштер башкармалыгынын имараты.
Тоң райондук ички иштер башкармалыгынын имараты.

Ысык-Көл облустук прокуратурасы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси ("Өз ишине шалаакы мамиле кылуу") кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Ысык-Көл облустук прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Азамат Молдобаев билдирди.

- Бул факты боюнча 2018-жылдын 11-сентябрында Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин “шалаакылык жана кызматтык абалынан кыянаттык пайдалануу” беренелери менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн улуттук коопсуздук кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча тергөө бөлүмчөсүнө тапшырылды, - деди Молдобаев.

8-сентябрь күнү Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында кылмышка шектүү деп камакта отурган Тоңдун Ала-Баш айылынынын 64 жаштагы тургуну Уйчуман Томоев асынып өлгөн. Өз жанын кыйган адам кат жазып калтырып кеткен. Анда ал "эч кимге таарынычы болбогонун, милициядан да күнөө издештин кереги жоктугун" суранган. (AsM\ErN)

XS
SM
MD
LG