Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:43

Бишкектеги "Мадина" базарында чыккан өрт дээрлик өчүрүлдү (видео)

"Мадина" базарында түндө тутанган өрт. 15-сентябрь, 2018-жыл
"Мадина" базарында түндө тутанган өрт. 15-сентябрь, 2018-жыл

Бишкек шаарындагы "Мадина" базарындагы өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Анда айтылгандай, өрттү өчүрүүгө жалпы алты өрт-куткаруучу бөлүм, ИИМдин кызматкерлери, Суу чарба башкармалыгынан төрт суу ташуучу автоунаа, Тез жардам кызматынан эки бригада жана РЭТ кызматкерлери тартылган.

ӨКМге "Мадинада" өрт чыкканы тууралуу кабар 15-сентябрга караган түнү саат 22:53де келип түшкөн. Баштапкы маалыматтарга караганда жалын базардын Чүй көчөсү тарабындагы кездеме сактаган кампадан тутанган.

Бишкекте буга чейин Ош базары бир нече жолу өрттөнгөн.

"Мадина" базарында негизинен кездеме, төшөк-жууркан сыяктуу үй-тиричиликке керектүү буюм-тайымдар сатылат. (ErN)

"Мадина" базары өрттөн кийин
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:04 0:00

​
XS
SM
MD
LG