Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:41

Тажикстанга күйүүчү майды мыйзамсыз ташып бараткан адам кармалды


Кыргызстандын чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын аймагынан Тажикстанга аткезчилик жол менен күйүүчү май алып бараткан тажик жараны кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады.

19 жаштагы шектүү Лейлектеги чек ара зонасынан, өткөрмө бекеттен сырткары аймакта чек араны кесип өтүүгө аракет кылган учурда колго түшкөн. Анын “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү автоунаасынан тиешелүү уруксат кагаздары жок 1000 литр дизелдик отун алынган.

Кармалган жаранга айыппул салынып, Бажы кызматынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Чек ара кызматынан кабарлашкандай, былтыркы жылы Кыргызстандын чек ара тилкесин мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган жана чек ара эрежелерин бузган 218 адам кармалган. (ErN)

XS
SM
MD
LG