Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:07

16-cентябрдын аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан, Чүй облусу, Көл-Төр. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан, Чүй облусу, Көл-Төр. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидрометеорология агенттигинин маалыматына караганда, 16-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 22...27;

Таласта түнкүсүн 2...7, күндүз 20...25;

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11...16, күндүз 23...28;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...12, күндүз 16...21;

Нарын облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 15...20 градуска чейин көтөрүлөт.

Бишкекте 16-сентябрда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 9...11, күндүз 24...26 градус жогору болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG