Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:48

Өзбекстанда нан кескин кымбаттап кетти


Ташкент шаарындагы бөлкө нан сатуучу күркөлөрю
Ташкент шаарындагы бөлкө нан сатуучу күркөлөрю

Өзбекстанда бөлкө нандын наркы эки эсеге көтөрүлүп, 650 сумдан 1200 сумга (10 сомдун тегереги) чейин кымбаттады. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматы кабарлады.

Коңшу өлкөлүк “Podrobno.uz” сайтынын жазышынча, бул өлкөдө 15-сентябрдан тарта киргизилген нанды соодалоого жаңы тартип киргизилгени менен байланыштуу. Ага ылайык нанга карата базар баасы талап жана сунуштарга ылайык эркин формада өзгөрүлүп турат.

Азырынча наабай нандын баасы кымбаттаган эмес. Ташкенттин Бектемир жана Юнусабад райондорунда ал мурдагыдай эле 1250 сумдан (11 сомдой) сатылып жатканы кабарланды.

Соңку мезгилдери Өзбекстандын өкмөтү нан өндүрүшүнө субсидия аркылуу кошумча көмөк берип келген. Натыйжада бөлкөнүн наркы акыркы мезгилдерге чейин 650 сумдан кымбаттаган эмес. Ошол себептүү айрым фермалар нанды жем катары малга берген учурлар да катталган. Бул алар үчүн жемден арзаныраак болуп калып жатканы айтылган.

Баа кескин өсүп кетпеши үчүн өкмөт 15-сентябрдан тарта 1-сорттогу ундун килограммына 1400 сум баа койгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG