Казакстандын борбор калаасындагы эл аралык аэропортто “Air Astana” компаниясынын “А320” учагынын кыймылдаткычы күйүп кетти. Бул окуя учак 15-сентябрда Атырау шаарынан учуп келип, конгондон кийин болгон.
Авиакомпаниядан кабарлашкандай, окуя аба транспортун атайын токтотуучу жайга буруп жаткан учурда катталган.
“Air Astana” кабарлагандай, бортто экипаждын сегиз мүчөсүн кошкондо 99 адам болгон. Өрттү аба майдандын өчүрүүчүлөрү токтотуп калышты. Компаниядан билдиришкендей, жабыркагандар жок. Учурда мотор эмне себептен күйүп кеткени иликтенүүдө.
Казакстандын жарандык авиация комитети да учактын сол кыймылдаткычы түтөп кеткенин, жаракат алгандар болбогонун жана окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын кабарлады. (ErN)