Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:45

Жыл башынан бери бюджеттин кирешеси 94 млрд. сомду түздү

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2018-жылдын январь-август айларында мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 94 млрд. 285,4 млн. сомду түздү. Бул тууралуу Борбордук казыналыктын маалыматына таянып Финансы министрлиги билдирди.

Натыйжада сегиз айга коюлган план 99,7% аткарылган. Ал эми түшпөй калган сумма 247,7 млн. сомду түздү.

Былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу бюджеттин жалпы кирешелери салыктык кирешелердин өсүшүнө байланыштуу 2,3 пайызга же 2 млрд. 136,8 млн. сомго өстү.

Кыргызстандын 2018-жылкы бюджетинин кирешеси 140,8 млрд. сомго жетет деп мерчемделген. Ал эми чыгаша 161,1 млрд. сом деп каралган. Натыйжада тартыштык 20,3 миллиард сомду түзөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG