Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:59

Орусияда 4 миңдей адам өлкөдөн чыгарылды


Орусиядагы борборазиялык мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиядагы борборазиялык мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын сот өкүмдөрүн аткаруу боюнча федералдык кызматынын Москва шаардык башкармалыгы 3 847 чет элдик жаранды өлкөдөн чыгарды. Бул тууралуу маалымат аталган мекеменин сайтында жарыяланды.

Депортация болгондордун көпчүлүгү Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары экени айтылды. Ошондой эле Сенегал, Конго жана Алжир республикасынын да атуулдары бар.

Сот бул жарандардын өлкө ичинде жүрүүсүн мыйзамсыз деп тапкан. Буга негизинен алардын Орусияда каттоого турбаганы жана эмгектенүүгө уруксат албаганы себеп болгон. Орусиянын учурдагы мыйзамдарына ылайык, депортация болгон жарандар эми бул өлкөгө беш жыл бою кире албайт.

Маалыматтарга ылайык, Кыргызстандан сыртка чыгып кеткендердин саны 800 миңге чукулдайт, анын 650 миңге жакыны Орусияда жүрөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG