Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:00

Лондондун мэри Брексит боюнча кайра референдум өткөрүүнү сунуштады


Садик Хан
Садик Хан

Лондондун мэри Садик Хан Британиянын Евробиримдиктен чыгуусу боюнча дагы бир жолу референдум өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал "The Guardian" гезитинин 15-сентябрдагы санына жарыяланган макаласында жазган.

Садик Хандын пикиринде, жарым жылдан кийин Британия "начар келишим" түзүп же таптакыр келишимсиз калышы мүмкүн. Ал референдум өткөрүү абалды көзөмөлдөөгө шарт түзө турганын айтып, премьер-министр Тереза Мэй Брексит боюнча өз партиясы менен гана эмес, Брюссель менен дагы макулдаша албаганын белгиледи.

Брекситтин шарттары боюнча Лондон менен Евробиримдиктин ортосундагы сүйлөшүүлөр быйыл ноябрда аяктайт. Британиянын Евробиримдиктен чыгуусу 2019-жылы мартта башталып, 2020-жылдын соңуна чейин аякташы керек.

Буга чейин Тереза Мэй бул маселе боюнча кайра референдум өткөрүү ыктымалдыгын жокко чыгарган.

Британиянын Евробиримдиктен чыгуусу тууралуу референдум 2016-жылы жайында өткөн. Анда британдыктардын 52 пайызы Брекситти колдогон. Өлкөнүн биримдик курамынан чыгуусунун шарттары тууралуу сүйлөшүүлөр 2017-жылдын июнунан бери уланып келет.

XS
SM
MD
LG