Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:19

Жаңы окуу жылына даярдык талкууланат


Озерное айылындагы мектеп окуучулары. 2014-жыл
Озерное айылындагы мектеп окуучулары. 2014-жыл

Жогорку Кеңештин профилдик комитети жаңы окуу жылына карата өлкөдөгү билим берүү уюмдарынын даярдыгы боюнча маалымат угат. Анда билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева маалымат берет. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Республика боюнча 2262 мектеп бар. Аларда окуп жаткан балдар 1 миллион 300 миңдин тегерегинде. Ал эми 202 мектептин имараты жараксыз деп табылып, балдар коңшу айылдарда же жакын жердеги билим уяларына көчүрүлгөн. Айрым кыштактарда турак жайлар, чатырлар мектеп катары колдонулуп келет.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, тартыштыкты чечүү үчүн өлкө аймагына 600гө жакын мектеп салынышы керек.

Кыргызстандагы билим берүү тармагын талдаган Булан институту президентке кайрылып, мектептердин көйгөйүн чечүүгө тез арада көңүл бурууга чакырып келет.

Уюм билим берүү системасы кыйроо абалына жакындап калды деп коңгуроо кагууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG